Жалал-Абаддагы көчөнү оңдоого 31 млн сом жумшалат

26 мая 2023, 13:40

Капиталдык курулуш башкармалыгы Жалал-Абад шаарындагы К. Назаров көчөсүн калыбына келтирүүгө тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.  

Маалыматка ылайык, аталган көчөнүн узундугу 500 метрди түзөт. Пландалган сумма 31 млн. 28 миң 900 сом.  

Тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 9-июнь.