Жалал-Абаддагы көчөнүн курулушуна 153 млн сом жумшалат

19 марта 2024, 09:50

Жалал-Абад шаардык жолдор башкармалыгы Абдырахманова (Индустриалдык) көчөсүнүн айланма жолдон Осмонов көчөсүнө чейинки бөлүгүн капиталдык курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, долбоордун сметалык баасы 152 млн 800 миң сомду түздү. 

Ал эми Капиталдык курулуш башкармалыгы Манас көчөсүндөгү “Курманбек” стадионун оңдоого 48 млн 294 миң 900 сомго тендер жарыялаган.

Ошондой эле, “Телтору” ат майданынын аймагындагы ачык муниципалдык базарды курууга долбоордук-сметалык документтерди даярдоого 20 млн сомго тендер жарыяланган.