Жалал-Абаддагы мектептин курулушуна 75,3 млн сом бөлүндү
Жалал-Абад шаарындагы М. Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясына кошумча окуу корпусу курулууда. Ага 75 млн. 317 миң сом акча бөлүнгөн. Бул тууралуу Жалал-абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 375 орундуу кошумча окуу корпусу курулуп жатат. Имарат үч кабаттан турат. Курулуш 2022-жылы башталган.
Учурда имараттын 34%ы аяктоо алдында турат.