“Жалалабатэлектр” ишканасы 113,8 млн сомдук карызды негизсиз жойгон

8 апреля 2022, 14:14

Электр энергияга болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгаруу фактысы боюнча “Жалалабатэлектр” ААКнун жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө 2015-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында “Жалалабатэлектрдин” кызмат адамдары мыйзамсыз аракеттерге барып, электр энергиясына болгон жалпы 113 млн 838 миң 100 сомдук карыздарды негизсиз эсептен чыгарышкандыгы аныкталган.

Кылмышка шектүү катары аталган коомдун мурдагы жетекчиси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдѳ.