Жаманкулов: Ысык-Көлдөгү эс алуу аймактарында сапаттуу тейлөөнү жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз

12 августа 2020, 16:00

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Ысык-Көлдөгү эс алуу аймактарында сапаттуу тейлөөнү жакшыртуу максатында иштеп жатат. Бул тууралуу 12-августта брифинг учурунда министр Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көлдүн жээгинде жайкы пляждык туризм басымдуулук кылат. Коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу бардык эс алуу жайлары, пансионаттар жана санаторийлер санитардык-эпидемиологиялык стандарттарга ылайык иштешет.

Өкмөттүн жана Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, бардык чараларды сактоо боюнча жатак үйлөрүнүн жана башка эс алуу жайларынын жетекчилери менен түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.