Жанар Акаев Кытайга визасыз режим киргизүүнү сунуштады

2 ноября 2022, 16:40

Парламенттин 2-ноябрдагы жыйынында депутат Жанар Акаев Кытай менен визасыз режимди киргизүүнү сунуштады.

Анын айтымында, азыр ар бир мамлекет инвесторлорду издеп жаткан мезгил.  Кыргызстан да  мындан артта калбашы керек.

“Өзбекстан Кытай жарандары үчүн 10 күндүк визасыз режим киргизди. Ошол учурдан бери Кытайдын капиталына катталгандардын саны эки жылда 1,5 миң кишиден 2 миңге чейин өстү. Бул 10 күндүк туристтик виза экенин эл туура түшүнүшү керек”, - деди Акаев.

Анын айтымында Казакстанда да кытайлык жарандар үчүн 15 күндүк визасыз режим иштейт.