Соцфондго жаңы жетекчи келди

13 мая 2021, 11:38

Жаныбек Орозалиев Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка республиканын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгону маалымдалды.

Бул кызматты буга чейин Уланбек Асанов ээлеп келген.