Жапаров: Авария Кыргызстандын аймагында болгон жок

25 января 2022, 16:38

Энергетика системасындагы авария Кыргызстандын аймагында болгон жок. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымда,электр энергиянын өчүрүлүшүнө Кыргызстан тараптан мүчүлүштүк кеткен эмес.

“Биз авария Кыргызстанда болбогонун көрсөтүп, далилдеп дагы бере алабыз”,- деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы азырынча авария эмнеден болгону белгисиз экенин жана үч өлкөнүн өтүнүчү боюнча кырсыктын кайдан чыкканын аныктоо үчүн комиссия түзүлгөнүн белгиледи. 

Айта кетсек, 25-январда түшкө маал Кыргызстандын аймактарында электр энергиясы жапырт өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы электр жарыгы Борбор Азия боюнча өчкөнүн кабарлап, Кыргызстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык шакекчеден чыгып, өз алдынча жарыкты калыбына келтире турганын билдирген. Учурда бардык аймактарда жарык бериле баштады.