Жапаров Кыргызстандын чакан АЭС куруу ниети бар экенин айтты

15 февраля 2022, 13:15

Кыргызстан чакан атомдук электростанцияларды курууга аракеттенип жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымына караганда, атомдук электр энергия жана нанотехнология менен электр өндүрүү тренд болууда. Коңшу Өзбекстан эбак эле 100 чакан АЭСтин башын бириктирген ири атомдук станциянын куруу иштерин баштаса, Казакстандын өлкө башчысы АЭС куруу пларын айткан. Орусияда бул иштер активдүү жүрүп жатса, Беларусия буга чейин айтылган АЭСтерди курган.

“Негизи АЭС бир күндө эле курула турган нерсе эмес. Ири АЭСтерди куруу 50 жылдан 100 жылга чейинки циклге узарышы мүмкүн. Биз дагы кошуналар сыяктуу ири реактордуу станцияларды курбасак да, чакандарын салууга аракет кылабыз”,- деди Жапаров.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин башчысы, бул боюнча Кыргызстан өз ниетин билдирип, Энергетика министрлиги менен “Росатом” ишканасы меморандумга кол коюшканын белгилеп, мунун үстүндө иштөөнү улантуу керектигин айтты.