Жапаров АКШ элчиси менен алдыдагы кызматташуунун жолдорун талкуулады

23 февраля 2023, 13:20

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШнын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолукту. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Акылбек Жапаров Лесли Вигерини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, өлкө бийлиги кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө кызыктар экендигин ырастады. 

“Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “жашыл” экономика, климаттык күн тартиби, маалымат технологиялары жана креативдүү экономика жаатындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл буруп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады”, - деп айтылат маалыматта.