Жапония Кыргызстанга акыркы эки жылда 41 млн доллар бөлгөн

17 октября 2023, 10:01

2021-2022-жылдары постсоветтик өлкөлөрдөгү долбоорлорду жана программаларды каржылоо боюнча Токио 5-орунда турат. Бул мезгил аралыгында жапон өкмөтү 11 млрд доллардан ашык каражат бөлгөн. Бул тууралуу “Геостатистика” телеграм каналы жазган. 

Маалыматка ылайык, Жапония эң көп Украинага 1,5 млрд доллар, Өзбекстанга 1 млрд доллар, Кыргызстанга 41 млн доллар, Молдовага 20 млн доллар, Арменияга 5,9 млн доллар, Азербайжан 1,8 млн доллар, Грузияга 2,95 доллар бөлгөн. 

“Жапониянын катышуусундагы долбоорлор Борбордук Азиянын Регионалдык Экономикалык Кызматташтык (ЦАРЭС) программасына да тиешелүү”. 

Кавказда жапондор саламаттыкты сактоо, билим берүү жана энергетика тармагындагы долбоорлорго басым жасоодо.