Алты айда 10 миңден ашык кыргызстандык орус паспортун алган

9 ноября 2023, 10:17

2023-жылдын биринчи жарым жылында кыргызстандык 10 миң 506 адам Орусиянын паспортун алган. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматында айтылат. 

Аталган мезгил аралыгында Орусиянын жарандыгын алгандардын арасында борбор азиялыктар басымдуу кылат. 

Чет өлкөлүк жарандарга орус паспортторун берүү, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча: 

  • Тажикстан - 86 964 (APPGге салыштырмалуу +17,26%)
  • Украина — 39 053 (-62,5%)
  • Армения - 17 921 (-19,04%)
  • Казакстан – 13876 (-35,89%)
  • Кыргызстан – 10 506 (-1,18%)
  • Өзбекстан – 9340 (-28,69%)
  • Азербайжан - 7 457 (-39,51%)
  • Молдова - 6857 (-16,77%)
  • Беларусь - 4557 (-48,52%)
  • Түркмөнстан — 1759 (+13,55%)
  • Грузия - 1182 (-35,76%)

Паспортташтыруунун азыркы темпи сакталса, 2030-жылга карата тажиктер Орусиянын беш ири элинин катарына кирет.