Жасалма интеллект өлкөлөр ортосундагы теңсиздикти күчөтүүдө

15 января 2024, 15:07

Келечекте жасалма интеллект өнүккөн өлкөлөрдөгү жумуштун 60%ына таасир этет. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун жетекчиси Кристалина Георгиева Швейцариянын Давос шаарында өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумда билдирди. 

Эл аралык валюта фонду жасалма интеллекттин эмгек базарына оң жана терс таасири боюнча изилдөө жүргүзгөн.

Жумушчулар иштеринин натыйжалуулугун жана өндүрүмдүүлүгүн арттыруу үчүн жасалма интеллектти колдонушууда.

Жасалма интеллект учурда адамдар аткарып жаткан негизги милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болот деп болжолдонууда. Бул эмгекке болгон суроо-талапты азайтып, эмгек акыга таасирин тийгизип, атүгүл жумуш орундарын жок кылышы мүмкүн. 

ЭВФ жасалма интеллект технологиясы кирешеси төмөн өлкөлөрдө жумуш орундарынын 26%ына гана таасирин тийгизет деп болжолдойт.

"Бул өлкөлөрдүн көбүнүн жасалма интеллекттен пайда ала турган инфраструктурасы же квалификациялуу жумушчу күчү жок. Убакыттын өтүшү менен жасалма интеллект өлкөлөр ортосундагы теңсиздикти дагы да күчөтүшү мүмкүн", - деди Георгиева.

Изилдөө ишинде жасалма интеллектти колдонгон жогорку кирешелүү жана жаш жумушчулардын эмгек акысынын кескин жогорулагандыгы байкалган. Мындан улам кирешеси төмөн жана улгайган жумушчулар эмгек рыногунан четтетилип калышы мүмкүн.

Европарламент ушул жылдын башында жасалма интеллект мыйзамдарына добуш берет, бирок бир дагы мыйзам 2025-жылга чейин күчүнө кирбейт.