Жасалма интеллект кыргызча сүйлөй баштады

25 января 2024, 11:45

Жасалма интеллект кыргызча сүйлөй баштады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана жогорку окуу жайлардын ректорлору менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, бул иш менен санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев жетектеген адистер алектенген. 

“Биз ата мекендик дикторлордун эң мыкты үндөрүн чогулттук жана кечээ Биринчи радиодо алып баруучулардын ордуна AI күйгүзүштү – эч ким байкаган жок”, - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле жакында өлкөгө ChatGPTни иштеп чыгуучулардын бири келерин билдирди. 

“Кыргыз тилинде чат түзүү маселеси талкууланат”, - деди ал.