Жаш курак боюнча пенсияга чыгуу үчүн кандай документтер керек?

2 мая 2023, 10:36

Социалдык фонд жаш курак боюнча пенсияга чыгууда зарыл болгон документтер тизмесин жарыялады. 

Төмөндөгү документтер берилиши кирет:

  • Паспорт;
  • Расмий качкын статусу бар жарандар үчүн качкын күбөлүгү;
  • Кыргызстандын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн Ички иштер органы тарабынан берилген жашоого уруксат кагазы;
  • Эмгек стажын тастыктаган эмгек китепчеси;
  • 1996-жылга чейин катары менен 60 ай үчүн айлык акы тууралуу маалымкат.

Кошумчалай кетсек, арыз берген тараптын камсыздандыруу стажын тастыктоочу – окугандыгы же аскер өтөгөндүгү тууралуу иш кагаздары болсо окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом, аялдар үчүн – балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн тапшырса болот.

Ал эми аты аталган иш кагаздар жок болсо, тапшырууга мүмкүн болбогон учурда, арыздын бланкына окугандыгы, аскер өтөгөн мезгили тууралуу маалыматты жазуу керек.