“Жаштык” спорт комплексин оңдоого бюджеттен 20 млн сом бөлүнөт

29 апреля 2022, 13:20

Бишкектеги “Жаштык” спорт комплексин капиталдык оңдоого бюджеттен 20 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Садыр Жапаров Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн спорт залдын курулушун баштоо үчүн капсула салуу аземинде билдирди.

Мамлекет башчы “Жаштык” спорт комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышып, балдардын машыгуу шартын көрүп чыкты.

“Комплексти капиталдык оңдоого бюджеттен 20 миллион сом бөлүү маселесин иштеп чыгууну тапшырылды”, - деп айтылат маалыматта.