Жашыл экономиканы моделдөө боюнча жыйын өттү

13 февраля 2023, 14:21

Экономика жана коммерция министрлигинде жашыл экономиканы моделдөө боюнча жумушчу топтун кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, ага жумушчу топтун мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, илимий структуралардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. 

“Жыйында катышуучулар жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча учурдагы пландар, энергетика жана айыл чарба тармактарындагы пилоттук иш-чаралардын долбоорлору менен таанышты”, - деп айтылат маалыматта.