«Жашыл энергетика» фондуна жетекчи дайындалды

16 декабря 2022, 13:09

Эмилбек Орозбаев Министрлер кабинетине караштуу “Жашыл энергетика” фонду мамлекеттик мекемесинин жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Акылбек Жапаров бүгүн кол койду. 

Фонд жашыл энергетика тармагында мамлекеттик башкаруунун эффективдүү системасын калыптандыруу, энергиянын кайра жаралуучу жана энергия үнөмдөөчү булактарын иштеп чыгууга дем берүү үчүн түзүлгөн. “Жашыл энергетика” фондунун мамлекеттик мекеме катары жобосу жана уюмдун башкаруу схемасы да бекитилди.  

Эске салсак, “Жашыл энергетика” фонду ноябрь айында түзүлгөн.