Жаңы конуштарга газ берүү үчүн 4 млрд сом керек — Алдаяров

1 февраля 2023, 16:49

Бишкектеги жаңы конуштарга газ берүү үчүн 4 миллиард сом керек. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында “Газпром Кыргызстан” ишканасынын өкүлү Арзымат Алдаяров билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда 19 миң турак-жайдын, тагыраагы 14 жаңы конуштун газы жок. Быйыл 5 жаңы конушка газ киргизүү пландалууда.

“Учурда биз мэрия менен жаңы конуштарга газ берүү боюнча жол картасын түзүп жатабыз”, - дейт Арзымат Алдаяров.