Жаңы үлгүдөгү паспорттор май айынан тарта берилет

31 января 2024, 17:30

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2024-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспорттордун айрым түрлөрүн ишке ашырууну пландоодо. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтому коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, “Учкун” ишканасы 2024-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторду чыгарууга даярдык көрүүдө. 

“2024-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспорттор 2024-жылдын май айынан тарта бериле баштайт”, - деп айтылат маалыматта. 

Токтом долбоорунда “Инфоком” мамлекеттик ишканасына 2024-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторду персоналдаштырууга ыйгарым укук берүү сунушталууда.