Жээнбек Кулубаев АКШнын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

1 февраля 2023, 15:57

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, 2023-жылга карата биргелешкен пландарды талкуулашты.

Ошондой эле саясий, соода-экономикалык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.