Жеңилдетилген насыя алууга бүгүнтөн тарта кайрылса болот

1 февраля 2024, 10:00

Дыйкан-фермерлер жеңилдетилген насыя алууга бүгүнтөн тарта кайрылса болот. Айыл чарба министрлиги эскерткендей, “Айыл чарбасын каржылоо - 12” долбоорунун алкагында каражат февралдан тарта берилип баштайт.

Программаны ишке ашырууга эки коммерциялык банк катышып жатат. Жалпысынан 7 миллиард сом берүү каралууда.

Долбоордун алкагында жеңилдетилген кредиттер мал чарбачылык жана өсүмдүк өстүрүү категориялары боюнча берилет.