Жеке медициналык мекемелерде томографиянын баасы төмөндөтүлдү
Кыргызстанда жеке медициналык мекемелерде томографиялык текшерүүлөрдүн баасы төмөндөтүлдү. УКМКдан билдиришкендей, мындай чечим менчик медициналык мекемелердин катышуусунда өткөн жыйында кабыл алынды.
Натыйжада, томографиялык изилдөөлөрдүн бардык түрүнүн баасын 20%га чейин түшүрүү макулдашылды.
Алар: "Юнит-Реактив Фарма", "Медипол", "Томэкс", "Шаншуй Силк Роуд Кейджи", "Альфа МЕД-ЛТД", "Берди", "Медипарк", "Гульмед", "Систем Озел Тыбби Йатырымлар ве Тиджарет", "Юрфа", "Авиценна", "Меди" жана "Веданта" менчик медициналык мекемелер. Ал эми "Кортекс Неврологиялык борбору" бааны 30% чейин төмөндөтүүгө макул болду.
Эске салсак, буга чейин медициналык лабораториялар баасын 15 пайыздан 30 пайызга чейин арзандатканы кабарланган.