Эркектерге караганда аялдар микрокредиттерди көп алат

2 декабря 2022, 11:51

Былтыр 2021-жылы микрокредиттик уюмдар тарабынан 37 миллиард сом өлчөмүндө насыя берилген. Ал эми алуучулардын саны 644,6 миң адамды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

Маалыматта насыя алгандардын басымдуусу аялдар экендиги айтылат. Ал 57,6% (371,4 миң адам) түзгөн.

Өткөн жылы берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 38,4% керектөө муктаждыктарына алынса, 28,5% айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган. Соодага жана коомдук тамактанууга берилген микрокредиттердин үлүшү 11,2%ды, курулушка 8,4%ды түздү.