Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн 940 млн сом кепилдик берилди

17 января 2024, 10:35

Кепилдик фонду 2023-жылы аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн 940 млн сом суммасында 1 миң 943 кепилдик берилген. Бул тууралуу "Кепилдик фонд" ААКсынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аялдардын ишкердиги бүтүндөй өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө бир топ салым кошууда. Ишкер аялдар ар кандай тармактарда ийгиликтүү бизнес жүргүзүүдө. 

"Фонд ишкердик менен алектенген аялдарга артыкчылыктуу кепилдик колдоо көрсөтүүнү улантууда. Былтыр берилген кепилдиктердин жалпы санында аялдардын ишкердигинин үлүшү 41% түздү", - деп айтылат маалыматта.

Кепилдик берүү 2023-жылы ишкерлерге 2,3 млрд сомго жакын кредит алуу мүмкүнчүлүгүн берген.

"Кепилдик фонд" ААК ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгилинде аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 2,3 млрд сомдон ашык суммага 2984 кепилдик берилип, бул ишкерлерге 6,7 млрд сомдон ашык суммада банктык кредиттерди берген.