Жер казынасын пайдалануу укугу боюнча 2200 лицензия берилди

7 ноября 2023, 14:44

Тогуз айда жер казынасын пайдалануу укугу боюнча 2240 лицензия берилген.  Жалпысынан лицензиянын 6 түрү, тактап айтканда алтын, металл, көмүр, мунай жана газ, кен эмес пайдалуу кендер, суу болуп саналат. Бул тууралуу Экология министрлиги билдирди. 

Быйыл тогуз айда жаратылышка байланыштуу 8 миң 557 изилдөө жасалды. 

“Атмосфералык аба боюнча 1385 изилдөө, өнөр жай таштандылары боюнча 241, саркынды суулар боюнча 5646, топуракка байланыштуу 1088, көмүргө байланыштуу 197 изилдөө жасалды”, - деп айтылат маалыматта.