Жети-Өгүздө 66 млн сомго бала бакчанын курулушу башталды

18 мая 2023, 13:17

Жети-Өгүз районунун Даркан айылында 66 млн сомдон ашык каражатка бала бакчаны куруу иштери баштады. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Маалыматка ылайык, бала бакча 100 орунга ылайыкталган. Аны "Саи энд трейд" ишканасы курууда.