Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду прокурорлор үчүн батир курат

27 июня 2023, 13:48

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекция прокуратура кызматкерлери үчүн батир курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтынын маалыматы тастыктайт.

Тендердин жалпы суммасы 15 миллион 706 миң 58 сомду түзөт. Бул каражатка подрядчик Жети-Өгүз райондук прокуратурасынын кызматкерлери үчүн эки кабаттуу турак жай куруп бериши керек.

Эске салсак, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду 1997-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен облустун инфраструктурасын колдоо, муниципалдык органдардын долбоорлорун биргелешип каржылоо, ошондой эле кичи жана орто бизнести колдоо максатында түзүлгөн.