Бакай-Ата конушун шаардык канализацияга кошуу үчүн 50 млн сом жумшалат

14 июня 2023, 15:29

Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы канализация тармактарын курууга тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылган.

Тендердин баасы 50 миллион 106 миң 911 сомду түзөт. Бул суммага подрядчы Бакай-Ата конушунун жеке турак жайларын шаардык канализация тармагына туташтырууга тийиш.