Бишкек шаарынын тургундары региондорго караганда 21%га жогору маяна алышат

10 сентября 2021, 13:08

Январь-июнь айларында Бишкекте орточо айлык 291 долларды түздү, ал эми республикада орточо айлык 229 доллар, деп жазды Евразия экономикалык комиссиясы.

Муну менен Бишкек менен республиканын региондорундагы эмгек акынын ортосундагы айырма 21,3% болду.

Борбор менен региондордогу эмгек акынын өлчөмүнүн ортосундагы айырмачылыктар ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө байкалган.