Кызыл-Адыр айылынын тургундары ичүүчү суу үчүн насыя сурап жатышат

15 февраля 2024, 11:40

Айтматов районундагы Кызыл-Адыр айылынын жашоочулары таза суу чыгаруу үчүн мамлекеттен насыя сурап жатышат. Бул тууралуу депутат Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 50 миңден ашуун адам жашаган Таластын Кызыл-Адыр жана Покровка айылынын тургундары ичүүчү суусуз калышты. Кээ бири огороддорунда скважина казса, башкалары арыктан суу ичишет.

Депутат Талас облусунун тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүүнү, гранттык же ссудалык каражат таап берүүнү суранды. Ал ошондой эле Кызыл-Адыр айылынын тургундары насыяны жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөөгө даяр экенин билдирди.