Бир айда президенттик аппарат жана ЖК 3.8 млн $ бөлүнгөн

13 января 2020, 16:25

2019-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңеш жана президенттик аппараттын чыгашасы 271 млн сомду же 3.8 млн $ түзгөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет. 

Жогорку Кеңештин чыгашасы 118.9 млрд сомду түзүп, анын ичинен 64.2 млн сом - эмгек акыга, 12.3 млн сом - социалдык фондко бөлүнгөн взностун суммасын түзгөн. 

Президенттин башкаруу ишинин чыгашасы - 130.2 млн сомду, анын ичинен 41.3 млн сом товар сатып алууга жана кызматтарга жумшалган. Башкаруу кызматында эмгектенгендердин айлык акысы - 34.2 млн сомду түзгөн. Президенттик аппаратта иштеген аткаминерлердин жана президенттин эмгек акысына 10.7 млн сом жумшалган.