ЖК: Кайра шайлоого 37 талапкер расмий катталды

31 января 2022, 10:00

Бишкектеги Биринчи Май жана Свердлов округдары боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыз таштаган 40 талапкердин 37си каттоодон өттү. Боршайкомдон билдиришкендей, учурда аларга талапкердин күбөлүгү тапшырылды. 

Эске салсак, жогорудагы эки аймакта Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 27-февраль күнү өтөт. Бул округдарда 2021-жылдын 28-ноябрында болгон парламенттик шайлоодо "баарына каршы" графасы алдыга чыгып, кайра шайлоо дайындалган.