Жогорку Кеңеш 2021-жылдагы бюджеттин 70% өзгөртүүнү сунуштады

26 ноября 2020, 17:30

Кыргызстандын бюджети 2021-жылы коронавирус пандемиясына даяр эмес. Ошон үчүн бюджетти кайрадан карап, 70% өзгөртүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко билдирди. 

Ал белгилеп кеткендей, пандемияга карабастан өкмөттүн планында ишканаларды жандандыруу каралган. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигинин кийинки жылдагы прогнозун дагы көңүл буруу керек. 

«Бюджет боюнча, чындап келгенде, фантастикалык бюджетти угуп жаткандай сезилүүдө», — деп белгиледи Никитенко.