ЖК комитети Азербайжан менен өнүктүрүү фондун түзүүнү жактырды

22 февраля 2023, 17:17

Бүгүн парламентте  2022-жылдын 11-октябрында кол коюлган Кыргызстан менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү боюнча мыйзам долбоору каралды. 

Экономика министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, фонд Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, өнөр жайды модернизациялоо, экономикалык кызматташтыкты жогорулатуу максатында түзүлөт. 

Белгилей кетсек, фонддун уставдык капиталына азербайжан тараптын салымы 25 миллион долларды түзөт.

Мыйзам долбоору үч окууда тең жактырылды.