Чет өлкөлүктөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү кыргыз жарандарыныкы менен теңдештирилди

7 октября 2021, 11:00

Жогорку Кеңештин депутаттары 6-октябрда “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ” мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Мыйзам долбоору Кыргызстанда убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандардын камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү, учурда 3% өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары болгон кызматкерлер үчүн белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкаларына 27,25 % өлчөмүндө теңештирет.

Демилгечилер мындай түзөтүүлөр ички рынокту чет элдик жумушчу күчүнүн агымынан коргоого багытталганын белгилешти.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча 20 миңге жакын чет өлкөлүктөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү 69,2 миллиондон 628,9 миллион сомго чейин өсөт.