Жогорку Кеңеш «Керемет Банкты» сатууну үчүнчү окууда жактырды

14 февраля 2024, 11:33

“Министрлер кабинети тарабынан “Керемет банктын” үлүшүн Улуттук банктан сатып алуу жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.

Бул мыйзам долбооруна ылайык, Министрлер кабинети Каржы министрлигинин атынан “Керемет банктын” 97,45% акциясын 7 млрд 126 млн сомго сатып алууну пландаштырууда.

Бүтүм Улуттук банктын эсебине акча каражаттарын тикелей чегерүү менен Фондулук биржадан тышкары жүзөгө ашырылат.

Белгилеп кетсек, Улуттук банктын “Керемет банктагы” сатуу баасы менен инвестициялык баасынын ортосундагы айырма 1 млрд 90 млн 142,4 миң сомду түзөт, бул бүтүм түзүлсө Улуттук банк чыгымга учурайт.