ЖКны тейлөөгө үч айда бюджеттен 114 млн сом сарпталды

27 апреля 2022, 10:15

Ушул жылдын үч айында Жогорку Кеңешти кармоого бюджеттен 114 миллион 30,5 миң сом сарпталды. Мындай маалыматты Каржы министрлигинен билдиришти.

Ошону менен бирге, тиешелүү бөлүмдөр тарабынан ай сайын жарыяланган кассалык пландарга ылайык, январь-март айларында парламенттин аппаратынын чыгашалары 93 миллион 115,6 миң сом, ал эми жалпысынан ЖКнын иш башкармалыгы жана гаражын кошкондо 120 млн 843,1 миң сом пландалган.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин чыгашаларынын эң көбү - эмгек акы. Айлыкка бюджеттен түшкөн каражаттын 68%ы жумшалды. Ошентип, үч айда ЖК эмгек акы төлөөгө 77 миллион 595,5 миң сом коротту.