Жогорку Кеңеш салык төлөөчүлөрдү дээрлик 900 млн сом чыгымга учуратты

10 октября 2023, 15:30

Быйыл тогуз айда Жогорку Кеңештин чыгашасы 893 млн171,5 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, быйыл Жогорку Кеңешке 767,5 млн сом сарптоо пландалган. Кийин дагы 60 млн сом кошулган. Бирок ага карабастан тогуз айдын ичинде чыгашалар жылдык бюджеттен дээрлик 126 млн сомго ашты. 

Белгилей кетсек, акчанын басымдуу бөлүгү, 564,7 млн сому эмгек акы төлөөгө кеткен. Чыгашалардын ичинен экинчи орунда имараттар жана курулуштар (87 млн сом), үчүнчүдө башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу (76,3 млн сом) жана социалдык фондго чегерүү (76,3 млн сом) турат.