Кызыл Ай Баткендеги кеңсесин стационар кылууга берди

14 июля 2020, 09:02

Кызыл Ай гуманитардык уюму өзүнүн Баткендеги жаңы эки кабаттуу имаратын стационар кылууга берди.

Жаңы стационар 50 орундукка эсептелгендиги айтылууда.

«Күндүзгү стационарлар курч керек болуп жаткандыгын эске алуу менен, биз Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте аталган кеңсенин базасында күндүзгү стационар уюштуруу тууралуу чечим кабыл алдык. Жаңы имаратта баардык коммуникациялар өткөрүлгөн, керектелүүчү жууркан-төшөктөр, матрацтар бар. Абдан чоң жумуш жасалды. Биздин жардам жакынкы убакта адамдардын өмүрүн сактоого салым кошот деп ишенебиз»,-деп белгилешет гуманитардык уюмдан.