Парламент жөлөкпулдарды көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун четке какты

14 июня 2023, 11:30

Жогорку Кеңеш 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, 2010-жылдын апрель-июнь айында Бишкек шаарында жана 2021-жылдын апрель айында Баткен, Ош облустарында болгон окуяларда курман болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга жөлөкпулдарды жогорулатуу жөнүндө мыйзам долбоорун четке какты.

Жогорудагы жагдайдан улам бүгүнкү күндө жөлөк пул алуучулардын саны 562 адамды түзөт. Мыйзам долбоорунда инфляцияны эске алуу менен алардын жөлөкпулун 3 миң 700 сомдон 5 миң 500 сомго чейин көтөрүү сунушталган.

Мыйзам долбоору Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин өтүнүчү менен четке кагылды. Алар жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгууда, анда 2022-жылы Баткен окуяларынын натыйжасында жабыркагандар жана каза болгондордун жакындары да эске алынат.