Жогорку Кеңеш Түркияга жардам берүү үчүн эки күндүк эмгек акысын которот

9 февраля 2023, 10:58

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаевдин эки күндүк эмгек акыны Түркияга жардам катары которуу боюнча сунушу колдоо тапты.

"Түркия бизге ар дайым жардам берип келет. Бул жерге ооруканаларды куруп, университеттерди ачышат. Эми аларга мамлекетибиз да жардам берип жатат, бирок Жогорку Кеңеш да четте калбашы керек", - деди эл өкүлү.

Добуш берүүдө депутаттар бул сунушту бир добуштан колдошту.