Жогорку Кеңеш май айында үч айлык бюджетти коротту — 1,4 млн доллар

3 июня 2022, 12:03

Кыргызстандын Каржы министрлиги республикалык бюджеттин кассалык аткарылышы боюнча жаңы отчетун жарыялады. Анда келтирилген маалыматтарга караганда, май айында Жогорку Кеңешти кармоого 110 миллион 10,6 миң сом, башкача айтканда, 1 миллион 383,8 миң доллар сарпталган.

Бул сумма парламенттин өткөн үч айдагы жалпы чыгашасына дээрлик барабар. Алсак, быйылкы жылдын январь айынан март айына чейин алар 114 миллион 30,5 миң сомду түзгөн.

Белгилеп кетсек, алгач парламенттин май айына чыгашасы: аппарат 46 млн 361,1 миң сом, ал эми башкаруу бөлүмдөрү жана башкаруу бөлүмдөрүнүн гаражы менен жалпысы 57 млн ​​880,2 миң сом деп пландалган.