Жол эрежесин бузган жаранга 695 миң сом айып пул салынды

8 февраля 2024, 10:43

Инспекторлор тарабынан 529 жолу жол эрежесин бузган “Мерседес Бенц” унаасынын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, айдоочу Жайыл районундагы “Сосновка” постунан токтотулган.

Айып пулдун жалпы суммасы 694 миң 800 сомду түздү.

Унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы айдоочуларды айып пулду өз убагында төлөп, жол эрежесин сактоону суранат.