Жол эрежесин бузуу тууралуу билдиргендерге сый акы берүү сунушталды

31 января 2024, 12:55

Кыргызстанда жол эрежесин бузуу тууралуу билдиргендерге сый акы берүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты.

Документке ылайык, укук бузууларды аныктоого көмөк көрсөткүсү келгендер окуя катталган жерлерден фото, видео материалдарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүшү керек.

Анын алкагында жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн төлөнгөн айып пулдун суммасынан жеке жактарга 25%, ал эми юридикалык жактарга 50% төлөө каралууда.