Жол оңдоо иштеринде дээрлик 1 млрд сом уурдалган

25 марта 2024, 14:40

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Бишкектин ири 50 борбордук жолун асфальттоого багытталган дээрлик 1 млрд сом уурдалганын Твиттер баракчасына жазды.

Ошондой эле, ал эки жылдан бери Министрлер кабинетинен реакция ала албай жатканын жана Биринчи Май районундагы 12 гана көчө кагаз жүзүндө оңдолуп, жүз миллиондогон сомдор эсептен чыгарылганын жазган. 

“Борбордо жалпысынан 50 чоң көчө бар, бюджеттен 1 млрд сом уурдалган. Кылмыш ишин аталган мекеме (УКМК) козгоп, бюджетке 25 млн сом төлөнгөндөн кийин жабылган”, - деп белгиледи Эльвира Сурабалдиева. 

Ал кошумчалагандай, бул маселени парламенттин жыйындарында бир эмес бир нече жолу көтөрүп чыккан, бирок эч кандай реакция болгон эмес.