Жумгал районунда 3 млн сомдон ашык каражатка каналдар оңдолду

19 апреля 2024, 13:12

Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын балансындагы “Күчүк” жана “Кайырма” каналдары оңдолду. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, Чаек айылындагы “Күчүк” каналынын 160 метр жерине 105 даана “Г-120” блоктору коюлса, 2 чакырымы механикалык тазалоодон өткөн. Ага жалпы 1 млн 600 миң сом жумшалган. 

“Таш-Дөбө айылындагы узундугу 15 чакырым, сыйымдуулугу 1,5 миң кубду түзгөн “Кайырма” каналына 110 даана “П-4” плиталары, 25 даана “Г-150” блоктору орнотулган. Анын жалпы наркы 1 млн 450 миң сомду түзүп, каражат республикалык бюджеттен каржыланган”, - деп айтылат маалыматта.

“Кайырма” каналынан Таш-Дөбө жана Чоң-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн миңдеген гектар жерлери сугарылат.