Жумгалда 225 орундуу жаңы мектеп ачылды

21 февраля 2022, 13:00

Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында А.Идинов атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Маалым болгондой, аталган орто мектептин биринчи корпусунун жараксыз имараты үч жыл мурун Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен курулуп баштаган. Ага 66 миллион сом жумшалды. 

225 орундуу заманбап мектепте 12 окуу кабинети, усулкана, китепкана, жыйындар залы, спорт залы жана ашкана бар.