Жумгалдын алыскы айылына жарык жеткирүү үчүн дээрлик 1,5 млн сом бөлүндү

19 сентября 2023, 11:30

Жумгал районунун алыскы Кең-Суу айылына биринчи жолу электр энергиясы өткөрүлөт. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, бул максатта дээрлик 1,5 миллион сом бөлүнгөн.

Бул суммага 90 электр мамысы сатылып алынып, учурда аларды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Андан тышкары, Нарын облусун өнүктүрүү фонду тарабынан 6 миллион сом керектүү жабдууларды сатып алууга бөлүнөт.