Жумушсуздук: каттоодо тургандардын саны 94,9 миң адамды түздү

22 декабря 2023, 12:16

2023-жылдын 1-декабрына карата мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында жумуш издеп каттоодо турган жумушсуздардын саны 94,9 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

Бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 6,5 пайызга аз. 

“Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 43,9 пайызын аялдар түздү. Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,6 пайызды түздү”, - деп айтылат маалыматта.